Кыргызстандын Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууга уруксат негизсиз берилип жатканы аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор, Ат-Башы, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында жергиликтүү органдар эрте никенин алдын алуу боюнча туруктуу иш алып барбай жаткандыгы белгилүү болду.
Ошондой эле органдардын ортосунда маалымат алмашуу жок экени кошумчаланды.
"Жети-Өгүз районунда 2025-2026-жылдары түшкөн 15 арыздын баарына уруксат берилсе, Тоң районунда "кош бойлуу" деген негиз менен кайрылгандардын тастыктоочу кагазы да суралган эмес. Ошондой эле органдардын ортосунда маалымат алмашуу жок: Жети-Өгүздөгү төрөт үйүндө 2 өспүрүм көз жарганы менен, милиция эрте нике катталбаганын билдирген.
Мындан тышкары, турмушка чыккан кыздардын мектепти аяктоосу каралган эмес. Республика боюнча 2025-жылы эрте никеге байланыштуу 340 факт катталып 315 өспүрүм кыз көз жарды, анын ичинде 13-14 жашталгылар да бар",- деп билдирди институт.
Мындан тышкары, калган 5 облуста дагы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилгени маалым болду.