Биз социалдык тармакта

Сыймык Жапыкеев чогулткан кол тамгалар текшерилди

Бүгүн, 27-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Сыймык Жапыкеевди колдоо иретинде чогултулган кол тамгалардын аныктыгы текшерилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, колдоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү. Алардын аныктыгы тутумдагы маалыматтарды салыштырып текшерилди.

Текшерүү Жапыкеевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда жүргүзүлүп, 31 миң 140 кол тамга анык деп табылды.

Буга байланыштуу Жапыкеевдин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымкат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан