Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз курулуш токтотулуп, котлованды көмүүгө 5 күн убакыт берилди

Бишкектин Жал-23 кичи районунда уруксат документтери жок көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Курчатов көчөсүндөгү 95 жана 97-үйлөрдүн дарегинде "Мега Трест" жоопкерчилиги чектелген коому тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, өз алдынча жер казуу иштерин баштаган.

Буга чейин компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок талаптар аткарылган эмес. 2026-жылдын 27-29-октябрында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында ишканага 200 миң сом айып пул салынган.

"Натыйжада курулуш иштери толугу менен токтотулуп, ага мөөр басылды. Ошондой эле компаниянын курулуш лицензиясы жокко чыгарылып, котлованды кайра көмүп, жер тилкесин мурдагы абалына келтирүү үчүн 5 күндүк мөөнөт берилди",- деп айтылат маалыматта.

Министрлик курулуш компанияларын иштерди тиешелүү уруксат документтеринин негизинде жүргүзүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан