Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар тазалоо жана тайгакка каршы материалдарды чачуу иштеринен кийин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бел ашуусунда чектөө бүгүн саат 09:10до Арал постунан алынган. Өтмөк ашуусунда жол толугу менен тазаланган. Учурда эки ашууда тең унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
"Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө азырынча күчүндө. Учурда ал жерде тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.