Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Дастан Усубакунов дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчи кечээ министрликтин жамаатына тааныштырылды.
Дастан Усубакунов 1986-жылдын 26-августунда туулган. Буга чейин ал "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Жаңы кызматында ал министрликтин экономикалык талдоо иштерин координациялоо, мамлекеттик органдар менен кызматташууну камсыз кылуу, ошондой эле ички уюштуруу жана башкаруу маселелерине жооп берет.