Ош облусунда 25-27-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн "Укук тартип" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара облустун 7 районунда уюштурулуп, ага 1000ден ашуун милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук активисттер тартылды.
Рейддин жүрүшүндө 6 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн бир жаран кармалды. Ошондой эле дайынсыз жоголгон бир адам табылды.
Мындан тышкары, өлкө аймагында болуу тартибин бузган 4 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга айып пул салынды.
Каттоодо турган сегиз ок атуучу куралдын ээлери өлкө аймагынан убактылуу чыгып кеткендиктен, алардын курал сактоочу сейфтерине мөөр басылды.
"Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын бузган 806 жаранга карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды", - деп айтылат маалыматта.