Социалдык тармактарда үлпөт той учурунда өспүрүмдүн жашы жете элек баланы көкүрөккө тепкен видеосу тараган. Бул окуя боюнча 17 жаштагы өспүрүм аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Текшерүү учурунда жабыркаган бала, анын ата-энеси жана аны тепкен өспүрүм аныкталды.
Натыйжада 17 жаштагы Н.Н.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси боюнча протокол түзүлүп, материалдар райондук сотко жөнөтүлдү.
Соттун чечими менен өспүрүмгө 2750 сом айып пул салынды.