Биз социалдык тармакта

БШК президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулардын алдын алууну талкуулады

Бүгүн, 28-ноябрда, Борбордук шайлоо комиссиясында 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

БШКнын маалыматына ылайык, жыйында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн уюштуруу маселелери каралды.

Жыйынга БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Тараптар шайлоо укуктарынын бузулушуна жол бербөө, маалымат алмашууну тездетүү жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда биргелешип аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жыйындын алкагында шайлоо мыйзамдарын колдонуу, мыйзам бузууларды аныктоо жана документтештирүү боюнча катышуучулар үчүн окуу өткөрүлдү.

Жыйындын соңунда шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча мындан аркы биргелешкен иштин багыттары аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан