28-февралда “Селсаяк” аталышындагы кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу Биринчи Май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы бүгүн, 28-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, акциянын алкагында селсаяктарга бир катар кызматтар көрсөтүлөт. Анда үй-жайсыздар, кароосуз калган балдар медициналык текшерүүдөн өтүп, мончого түшүп, жаңы кийимдүү боло алышат. Ошондой эле ысык тамак дагы каралган.