Тармактык комитет Башкы прокуратурага ИИМдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тапшырма берди

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин 3-марттагы отурумунда КРнын ИИМинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Коопсуздукту жана укук-тартибин камсыз кылуу боюнча кеңешинин Ведомстволор аралык комиссиясынын отчёту тууралуу маселе каралды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Эсептөө палатасынын аудитору Өктөмкан Абдуллаева 2010-жылда өлкөнүн Ички иштер министрлиги сатып алууларга бөлүнгөн 58,8 миллион сомдун ордуна 112 миллион сом чыгымдагандыгын маалымдады. Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында министрликтин каржы-чарбалык тармагында тендер өткөрбөй туруп сатып алуулар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болгон. 
Өткөн аптадагы жыйында комитет мүчөлөрү ИИМдин каржылык мыйзам бузуулары боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угуу чечимин кабыл алышкан. Бул чечимге ылайык, КРнын Башкы прокурорунун орун басары Темирбек Бекмаматов маалымат берип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. 
Талкуу жыйынтыгы менен комитет мүчөлөрү КРнын Ички иштер министрлигинин ишмердигин текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын маалым катын Башкы прокуратурага өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ал эми бул маселе боюнча Башкы прокуратуранын маалыматы 2 айдан кийин угулат.

Мындан тышкары «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда кетирилген кемчиликтер айтылды. Маселени көтөрүп чыккан депутат Туратбек Мадылбеков «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендер башында мыйзам бузуулар менен өткөрүлүп, ошондуктан долбоор ишке ашпай калганын белгиледи. Ички иштер министри Абдылда Суранчиев долбоор боюнча жаңы тендер жарыялана тургандыгын, ал эми кетирилген кемчиликтер аныкталса, ошол кездеги тийиштүү жетекчилер мыйзам чегинде жооп берерин айтты. 

Жыйын соңунда бул маселе боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма тийиштүү органдарга жолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан