Виктор Янукович Путинден аскердик жардам сурады

Виктор Янукович Орусиянын президенти Владимир Путинден украиналыктарды коргоо жана өлкөсүндөгү стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн орусиялык аскерлерди колдонууну суранды. Муну бүгүн, 4-мартта орусиялык ММКлар жарыялашты. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 4-марттагы чукул жыйынында БУУнун Орусиядагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин Януковичтин Путинге жолдогон катын окуп берди. Анын фотокөчүрмөсүн да көрсөттү.

Кайрылууда Янукович Киевде бийликти мыйзамсыз басып алуу болгонун, Украинаны хаос жана анархия ээлеп алганын, кырдаал жарандык согуштун оозунда турганын айтат. “Жарандардын коопсуздугу, айрыкча өлкөнүн түштүк-чыгышы жана Крым коркунучта. Батыш өлкөлөрүнүн аракети менен ачык террорчулук жана күч колдонуу жүрүп жатат”,- деп жазылат кайрылууда.

Мындан улам Янукович Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Орусиянын аскер күчтөрүн колдонууну өтүнөт.

Орусия Украинада оппозиция менен Януковичтин ортосунда кол коюлган 21-февралдагы макулдашуунун аткарылышын талап кыла турганын айтат Чуркин. 

Эскерте кетсек, 21-февралдагы макулдашууда Украинада 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүү, өлкөдө коалициялык өкмөт түзүү жана 2014-жылдын аягында президенттик шайлоо өткөрүү сүйлөшүлгөн эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан