Бүгүн, 16-мартта КРнын Коргоо министрлиги “Тейваз” тренинг борбору менен биргеликте Коргоо министринин Кубогун жеңип алуу үчүн Жип-кросс унаа мелдешин өткөрүүдө.
Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты – аскер техникасынын күжүрмөндүү мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялоо, ошондой эле аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрүү жана жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүү.
Иш-чарага күч мекемелеринин, Коргоо кеңешинин өкүлдөрү жана коомчулук чакырылган. Мелдешке Коргоо министрлигинен аскердик унаа техникалары Лэндровер, УАЗ, Хантер жана квадрацикл тартылды. Мындан тышкары Казакстан Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу да пландалууда.
Мелдеш калыстар тобунун жыйынтыгы менен аяктайт.