Бүгүн, 18-мартта Ош облустук регионалдык башкармалыгынын башчысы Болот Жолдошевдин SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, Өзбекстандан алынып келген 8230 тонна минералдык жер семирткич дыйкан-фермерлерге таратылып бүттү. Андан тышкары ал айыл чарба өсүмдүктөрүн кошумча азыктандырууга жалпысынан 26 600 тонна азоттук, 20 200 тонна фосфордук, 1700 тонна калийдик жер семиртктчтер керектелерин кошумчалады.