Биз социалдык тармакта

Ош шаарында баш аламан жүргөн коомдук транспортторду иретке келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги (ЖТА), Шаардык автотранспорт агенттиги жана Жол-кайгуул кызматы (ЖКК), Шаардык салык кызматы биргеликте 18-март күнү Ош шаарында көчөлөрдөгү баш аламан жүргөн коомдук транспортторду иретке келтирүү боюнча рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.

Рейддин башкы максаты - мыйзамсыз жана аялдама жок жайларга токтогон унаалардын санын кыскартуу. Рейд шаардагы Масалиев, Курманжан датка, Навои көчөлөрүндө, Манас-Ата аймактык кеңешинде жана Ош районундагы унаа көп каттоочу түйүндөрдө жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берилбеген жерге токтогон унааларга актылар түзүлүп, айрым айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаар боюнча жалпысынан 60 маршруттук каттам бар. Мындан ары мындай рейдди жумасына 2 жолу өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-03-19 09:34:39
эн туура кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан