Быйыл күзүндө Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 60 орундуу бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторов журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
“Буга чейин айылда бир да бала бакча болгон эмес. Мындан улам атайын долбоор жазылып, Түркия өлкөсү тарабынан 19 миллион сом бөлүнгөн. Учурда бала бакчанын курулуш иштери бүтүп, 20 комплекс эмеректер алынып келинген. Жакын арада дагы 40 комплекс эмерек келет”,- деди айыл өкмөт башчысы.
Айта кетсек, аталган айылда 780 мектепке чейинки бала бар.