Акрам Мадумаров: "2013-жылы Кадамжай районунун ички дүң продукциясынын көлөмү 8 миллиард 500 миллион сомду түздү"

2013-жылы Кадамжай районунун ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 8 миллиард 500 миллион сомду түздү. Бул тууралуу кечээ, 18-мартта Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Айтымында, ИДП 2012-жылга караганда 154,7 пайызга өскөн. “ИДПнын негизги көлөмүн айыл чарбасы түзөт. Ошондой эле аймакта тоо-кен иштетүү тармагынын келечеги бар. Алсак, жер алдындагы кендерди изилдөөгө жана иштетүүгө 60тан ашык лицензия берилген. Ошондой эле райондо 2 чоң ишкана бар. Бири Кадамжайдагы сурьма комбинаты болсо, экинчиси - Айдаркендеги сымап комбинаты. Бирок алар толук кандуу иштебей жатат. Буга сырьёнун жоктугу жана жаңы технологиялардын жолго коюлбагандыгы себеп болууда”,- деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан