17-мартта Ат-Башыдагы аймактык ооруканага “суук тийип ооруп калды” деген шылтоо менен калтырылган ымыркай боюнча жаңы маалыматтар белгилүү болду.
Нарын ШИИБинин басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын айтымында, наристе 7,5 айга толгондо, анын энеси баланын 30 жаштагы өгөй энеси А.Нургүлгө таштап, Бишкекке иштегени кеткен экен. Өгөй эне ымыркайды 1,5 ай багып, тажап кетип сабай баштаган.
"Кылмышка шектүү өгөй эне А.Нургүл Ат-Башынын убактылуу кармоочу жайына отургузулду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деди Медина Султаналиева.
Мындан тышкары Нургүл менен чогуу ымыркайды ооруканага таштаган Роза аттуу экинчи аял жөн эле шерик катары келгендиги белгилүү болду. Алар Көк-Моюн айылындагы үйлөрдүн биринде убактылуу жашап турушчу.