Бактыбек Калмаматов Ноорузда кичи мекенинде улуттук оюндарды өткөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматовдун
демилгеси менен 21-мартта Оштун Кара-Кулжа районунда улуттук оюндар боюнча
мелдештер өттү. Ноорузга карата өткөн мелдештер Карагуз айылында орун алды.
Анда айылдардан куралган командалар аркан тартыш, эр эңиш, күрөш сыяктуу
оюндарда намыс талашып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.