Нурзат Садыкова "Ала-Тоо" аттуу ырына клип тарттырды
Ырчы Нурзат Садыкова "Ала-Тоо" аттуу ырына клип тарттырып бүттү. Сөзү Кыял Урманбетовго, обону Нурдин Төрөбековго таандык болгон аталган ырга клип тартуу үчүн 1 жума жетиштүүлүк кылыптыр. "Клипти Сокулук, Кашка-Суу, Арчалы айылдарында тарттык. Көрүүчү анча деле сюжетти байкабайт. Болгону, Кыргызстандын кооз жаратылышын көрсөтүүнү аракет кылдык",- дейт клип тууралуу Нурзат Садыкова. Ырдын клибин SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.