Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда мунапыска ылайык 64 адам абактан бошотулду

Прокуратура мунапыска ылайык 64 адамды абактан бошотту. Бул тууралуу КРнын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 15-мартына чейин прокуратурага 2106 материал тапшырылган. Алардын арасынан:

102 материал – абактан бошотууга;

1990 материал – жаза мөөнөттү кыскартууга;

14 материал кылмыш ишти токтотууга багытталган.

“Прокуратура 1047 материалды канааттандырып, 64 адамды абактан бошотту, 972 адамдын жаза мөөнөттөрүн кыскартты жана 11 адамдын кылмыш ишин токтотту”,- деп маалымдайт ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 20-мартында мурунку социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров мунапыска ылайык абактан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirbek.83
2014-03-25 11:13:20
Мунапыс берип эмне кылат деймда кылмышкерлерге оз жазасын алыш керек аягына чейин аларда убагында бир адамды сыздатканда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан