Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология бөлүмүнүн профессору Кадыралы Конкобаев Грузия илимдер академиясынын академиги Валех Хажылар атындагы фондунун “Түрк дүйнөсү кызматы” үчүн берилүүчү сыйлыгына татыды. Бүгүн, 24-мартта өздүк булактарыбыз маалымдагандай, Кадыралы Конкобаевге бул сыйлык түркология, кыргыз тил илимине, кыргыз таанууга жана түрк элдеринин ортосундагы көп жылдардан берки илимий, маданий байланыштарды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Сыйлыкты 21-мартта аталган университетте өткөн салтанаттуу кечеде Түркиянын Эрзурум шаарындагы "Ататүрк" университетинин Түркият институтунун директору, Валех Хажылар фондунун төрагасы, түрколог, байыркы түрк жазма эстеликтиринин изилдөөчүсү, профессор Женгиз Алйылмаз тапшырды.
Белгилей кетсек, Эл аралык Валех Хажылар илимий жана маданий изилдөөлөр фондунун башкы кеңсеси Тбилисиде жайгашкан. Аталган фонд түрк дүйнөсүнө көрсөтүлгөн кызматы үчүн сыйлыкты акыркы 5 жылдан бери тапшырып келет.