Бүгүн, 24-мартта 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча өтүп жаткан соттук отурумда айыпталуучу экс-президент Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокаттар алмашты. Сот отурумунда жарыялангандай, буга чейин К.Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп келген жактоочулар Ирина Камарда менен Зухра Азарованын ордуна Г.Шаршенбекова келди. Ирина айымдын сотко катышуудан баш тартышына анын дарегине түшүп жаткан коркутуулар себеп болгону айтылды.
Кошумчалай кетсек, Апрель окуясы боюнча соттук отурум Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камакка алынгандарды коштоп жүрүү боюнча департаментинде өтүп жатат.