Ош шаарындагы Сулайман тоого быйылкы жылы 70 миң турист келди. Мындай маалыматты “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинин директору Хайрулла Ибайдуллаев билдирди. Анын айтымында, 2008-жыл 100 миң зыяратчы менен рекорддук эң жогорку көрсөткүч болгон. 2010-жылдагы каргашалуу окуядан кийин туристтердин саны кескин кыскарып, эки эсе азайган. Быйыл туристтердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйүп, 70 миңге жеткен. "Сулайман-Тоо" музейинде 33 миңге чукул тарыхый экспонат, алардын арасында биздин доорго чейинки мезгилге таандык табылгалар да бар.