Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында балдарга арналган жаңы жылдык спектаклдер кыргыз жана орус тилдеринде коюлат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Элеонора Турдубаева билдирди. Анын ырастоосунда, 30-31-декабрда жана 2-7-январда саат 11:00дө балдар орус тилиндеги “Аладдин жаңы жылдык балатыда” аттуу жомокту көрүп, сахнада бийлеп-ырдап, көңүл ача алышат. Ал эми кыргыз тилинде 30-декабрда, 2-3-январда жана 6-январда саат 13:00дө “Жылмайып келди Жылан жыл” аттуу шоу-концерт жана “Баарын билгим келет” спектакли коюлат.