"Ээнсиреген үй" тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин катарына кирбей калды

Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин катарына кирбей калганы маалым болду. Аталган тасма "Чет тилиндеги мыкты тасма" номинациясында ат салышып жаткан. Америкалык киноискусство академиясы "Чет тилиндеги мыкты тасма" наамына ат салышкан 71 тасманын ичинен 5 тасманы тандап алды. Кошумчалай кетсек, "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөргө кезектеги сыйлык тапшыруу аземи 2013-жылдын алгачкы айларында өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан