Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 26-декабрда Орловск балдар үйүнө көмүр алуу максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу Эрлан Замирбековдун билдирүүсүнө караганда, акциядан түшкөн акча балдар үйүнө кыштын аягына чейин жете турган көмүр, кышкы жылуу кийимдерди, азык-түлүктөрдү алууга жана жаңы жылдык балаты кечесин уюштурууга коротулат. Концертке белгилүү ырчылар катышат. Кайрымдуулук концертти “Жаштар демилгелеринин борбору” коомдук фондунун алдындагы "Бишкек" дебат борбору жана “Тең укуктуу билим берүү Y-PEER жаштар желеси” коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.