Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана Өкмөт үйүнүн жанында тынчтык митингдерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимин кескин түрдө айыптайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде аталган кыймылдын басма сөз кызматы жарыялады.
Кайрылууга таянсак, анда "сот жогорудагы чечимди расмий бийликтин кысымынын астында кабыл алган" деп жазылат жана "митинг өткөрүүгө тыюу салуу - адам укугун бузуу" деген ой камтылат.
"Биринчи Май райондук сотунун чечими 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган КРнын Конституциясынын 34-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына карама-каршы келет. Баш мыйзам боюнча ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу жана уюштуруучулар бийлик органдарына билдирме берүү менен гана чектелет" деп жазылат кайрылууда.
"Мындан тышкары адам укугун бузган мындай чечимдер качып кеткен президенттер Акаев менен Бакиевдин тушунда кабыл алынып, авторитардык бийликтин тамыр жайышына шарт түзгөн. Бирок адам укугун тебелеген акаевдик-бакиевдик соттун чечимдери бийликти элдин толкунунан сактап кала алган жок",- деп кайрылды оппозициялык кыймыл.