Баш калаанын тургундарына 40 миңден ашык көчөт акысыз берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардыктарга сирень гүлүнүн, эмен, каштан, ясень, терек, клён, мажүрүм талдын көчөттөрү таратылат. Аталган маселе боюнча кошумча маалыматтарды райондук администрациялардан алууга болот.