Ысык-Көл облусунда бак-дарак отургузуу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир айыл өкмөтүнүн 1 гектар аймагында ийне жалбырактуу жана жөнөкөй жалбырактуу бак-дарактар отургузулат. Бүгүнкү күнү облустун ар бир районунда ушундай иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда жергиликтүү жарандар менен түшүндүрүү жумуштары пландалган. Ошондуктан облустук телеберүүлөрдө санитардык тазалоо жөнүндө атайын репортаждар көрсөтүлүп жатат.