Кечээ, 1-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын 2018-жылга чейинки борбордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программасынын долбоору менен тааныштырды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мэр эл өкүлдөрү менен борбордун өнүктүрүү концепциясын жана негизги багыттарын талкуулады. Жакынкы аралыкта аталган программа коомдук талкууга жарыяланат.