Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 23 жаштагы сүйүктүүсү менен ажырашты. Ажырашуунун себеби катары Марадона сүйүктүүсү, модель Росио Оливанын уурулук кылганы менен байланыштырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Марадона менен Росио Дубайда чогуу жашап келишкен. Экс-футболчунун үйдө жоктугунан пайдаланып, сүйүктүүсү үйдөгү баалуу буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап алган.
Ал эми 23 жаштагы Росио Олива бул кырдаал тууралуу ой бөлүшүп: “Мен эч нерсе уурдаган жерим жок. Биздин мамилебиз уланат. Көптөгөн адамдар биздин мамилеге жолтоо болууга аракет кылып келишет. Бул жолу алар максатына жеткендей болушту”,- деп билдирет.