Бүгүн, 2-апрелде аппарат отурумунда Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев сугатка тийиштүү арыктарды тазалоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарыл экендигине токтолду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда сугат суу маселеси боюнча иштерди ылдамдатуу жана арыктарды тазалоо иштерин убагында аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.