Анна Воронина, координатор: "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгына" 10 миӊ адам катышат"

2014-жылдын 7-апрелинен 13-апрелине чейин өтө турган бүткүл Кыргызстан боюнча «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" иш-чарасына өлкө боюнча бардык аймактардан жаштар катышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелдеги маалымат жыйынында аталган кампаниянын координатору Анна Воронина билдирди. 
Анын айтымында, бул жумалыкка жалпы жонунан 10 миӊден ашык адам катышмакчы. айрымдуулук жумалыгы аркылуу жаштардын көңүлүн көйгөйлөрдү өзүлөрүнүн күч-аракети менен чече ала турганына жана чечиши керек экендигине бургубуз келет. Ушуну менен бул иш-чара жалпы иш-аракеттерди бириктирип, аларды коомубузду жакшыртууга багыттайт. Колубуздан келишинче бардык адамдарга жакшылык жасоого аракеттенебиз жана калктын баарын бул акцияга катышууга чакырабыз",- дейт уюштуруучу.   
Жумалыктын негизги максаты - жаштарды кайрымдуулукка чакыруу, балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө, карылар үйүнө барып, алардын ал-жайын суроо менен бирге аталган социалдык катмар зар болгон мээримди тартуулоо. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан