Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы бош орундарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде райадминистрациясынын басма сөз катчысы Турусбек Матиев билдирди.
Маалыматка ылайык, укук тартип иштери боюнча жетектөөчү адис-юрист, экономиканы өнүктүрүү жана финансы маселеси боюнча адис жана иш кагаздарын алып баруу боюнча адистер талап кылынууда.