Кант шаарында "Чүй периси-2012" сулуулар сынагы болуп өттү

Кант шаарында "Чүй периси-2012" аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда аталган иш-чаранын уюштуруучусу Ильяз Жээналиев билдирди. Сынак 21-декабрь күнү Кант шаарында өтүп, анын финалдык бөлүгүнө 14 кыз катышкан. Баш байгени Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну Алия Алибекова жеңип алса, ысык-аталык 18 жаштагы Мадина Сманова "Вице-мисс" аталды. Ал эми экинчи "Вице-мисс" кеминдик Биназир Азаматова, үчүнчү "Вице-мисс" Аламүдүн районунан келген Диана Сабырбекова болду. Мындан сырткары көрүүчүлөрдүн симпатиясына Ысык-Ата районунун сулуусу Кристина Коростелева татыктуу болсо, токмоктук Арина Исакова "Мисс талант" наамына татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saya4ka
2012-12-27 12:45:21
ооо, Токмок рулит! Алия, жениш кут болсун!
0
tokmok1
2012-12-28 15:40:31
оозу кантет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан