Орусияда жол кырсыгында көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Орусияда жол кырсыгында көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 9-апрелинде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги телефон аркылуу Орусиядагы элчиликке жол кырсыгы тууралуу билдирген. 10-апрелде эртең менен элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Кыргызстандын эки жана Өзбекстандын үч жараны каза болгонун аныкташкан.

Белгилүү болгондой, 8-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну Ш.у.Б. ишеним каты менен Хонда унаасын башкарып бара жаткан. 4 айдоочусу менен Москвадан чыгып Украинага багыт алган. 9-апрелде Калужск облусунун Мешов районунун аймагында унааны башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып, DAF үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Хонданын айдоочусу Ш.у.Б жана Тогуз-Торо районунда 1987-жылы туулган Н.А. каза тапкан. Мындан сырткары Өзбекстандын 3 жараны көз жумган. 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен 11-апрелде кырсыктан көз жумган жарандардын сөөктөрү мекенине жөнөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева бүгүн, 14-апрелде маалымдады. 

Орусиядагы жол кырсыгы 5 жарандын өмүрүн алып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
peri...97
2014-04-14 15:43:24
Байкуштар,ушундай окуялар журок ойут...тынч бололу
0
aikow92
2014-04-14 17:04:22
Өкүнүчтүү... 22 жашында дүйнө салса. Ажал айтып келбейт. Сактанганды кудай сактайт узак жолго чыккандар эс алып 120 км саатка четкирбей эле айдагылачы.
0
Cho
2014-04-14 18:51:36
жаткан жерлери жайлуу болсун 3 ай мурун ушул хонда адиссей машинада украинага кирди чыкты кагазын жазатып келдим эле
0
tokmok.93
2014-04-14 19:33:36
бул видеодо машинанын артында дпс машинасы корунуп турат го балким ошондон качкан........
0
Barika
2014-04-15 06:03:05
tokmok.93,
Ооба, болгондо да машинанын номерин Кыргызстандыкы экен деп айтышты!
Шофёрдуда жалгыз бала дешти, аны менен кошо дагы 4адам кетти! Окунучтуу!
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
Кырсык каш кабактын устундо! Баарыбыз тынч, аман-эсен бололуу!
0
soccer_boy95
2014-04-14 19:51:00
Орус гаищниктеринен качкан окшойт балким.
0
lazygirl
2014-04-14 21:42:25
Эх, жаш кетишиптир((
0
Mirlan5
2014-04-14 22:19:45
Жандары жаннатта болсун.Кырсык,ажал. Бирок ошончо кишини салып алып адырандабай акырыныраак айдаш керек. Эсалбай келип кайра Украинага кеткендерин коруп билип эле журобуз. Айдоочулар озунордунда башка жургунчулордунда убалына калбагыла. Сактанганды сактайт.
0
mir89kg
2014-04-14 22:38:20
Байкуштар Москвада тиричилик деп жургон балбар эледа. Ой Россия, Россия таш боор энем дегени чын экенда аттин!!!!
0
buzeinep
2014-04-15 01:21:21
Жайы жаннаттан болсун
0
nazhiev80
2014-04-15 01:25:47
жалка(((
0
Beko87
2014-04-15 03:33:39
Байкуш кирди чыкты кылдырганы баратса керекда.
0
zamira8576
2014-04-15 14:54:23
Эми муну ажал дейт да.Ажал айтып келбейт.Мынданда жаман кагылышууда тирик калгандар коп эле.Бул ажал.
0
upol92
2014-04-16 02:29:17
Украинага кирди чыкты кылып келебиз деп границага бара жаткандарго кудай сакиасын. Мен да 2жолу баргам айдоочулар акча десе чындыгында суткалап уктабай Озубек тажик кыргыздарды салып айбай катттууу айдап барышчуу . Акчанын насип кылышын ойлош керек. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Кудайым оз сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан