Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар 12-апрелде Манастын эстелиги жайгашкан “Дружба” сейил багында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде элчиликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ишембилик алкагында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов ишембилик өткөрүп жаткандар менен жолугушту. Ишембиликтин катышуучулары Кыргызстандын желегинин элеси жана “Шаарга болгон сүйүү менен...” деген жазуу түшүрүлгөн кийим кийип жүрүштү.
Кошумчалай кетсек, ишембилик 250дөн ашык кыргызстандык жарандын катышуусунда өттү. Ага КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, жаштар фонддорунун мүчөлөрү жана Москвада окуп, иштеп жүргөн жаштар катышты.