Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев Талас облусунун имамдары менен жыйын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев 12-апрелде Талас облусунда зыярат кылып, аймактагы имамдар менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева, губернатордун орун басары Ырыскелди Ботиков, Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Муфтий Талас элине ынтымак-биримдикти каалоо менен биргеликте облус жетекчилерин, райондук акимчиликти, айыл өкмөттөрүн, облустун имамдарын динге кошуп жаткан салымдарына чоң ыраазычылык билдирип, коомчулуктун арасындагы болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Кыргыздын динине, каада-салтына, үрп-адаттарына туура келбеген элибиздин бөлүнүп-жарылуусуна себеп болуп жаткан теңирчилик тууралуу айтып, анын Мамлекеттик дин көзөмөлдөө комиссиясынан каттоодон өтпөй тургандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан