Жумгал районунун Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарында Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолун куруу иштеринин 1-фазасы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда Кызыл-Жылдыз-Арал (183-195-чакырым) жолунда даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал жакка керектүү техникалар жеткирилген.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 11-сентябрында Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолун (433 метр) куруу боюнча долбооруна 400 миллион доллар бөлүнүшү жөнүндө кредиттик келишимге кол коюлган.