Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбекке жардам көрсөтүлүүдө

Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбекке жардам көрсөтүү улантылууда. Бул тууралуу Ташчайнар аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда иш алып барган эки коомдук фонд акыркы кезде оору менен алышып жүргөн. Алар 100 000 сомдон жардам иретинде анын эсебине которууну убада кылышты. “Мындан сырткары Жеңишбектин номерин берип, жардам катары бирдик которуу сунушу менен элге кайрылганбыз. Учурда анын эсебине которулган бирдик 5000ге жакындап калды”,- деп кошумчалайт Нурлан Алишеров.

Январь айында Кореядан келген дарыгерлер Жеңишбекке диагноз коюп, денесине тарап жаткан шишикти соруп чыгуучу 2000 долларлык каражатты сунуш кылышкан. Нурлан мырзанын айтымында, ал каражаттын 1 чапталуучу бөлүгү 2000 доллар турат. Ал каражат Жеңишбектин денесине 10 ирет чапташ керек экен. Негизи, толук дарыланууга 38 000 доллар өлчөмүндө каражат сарпталат.

Январь айында Нурлан Алишеров шаарыбыздагы базарлардын бирине Жеңишбекти алып чыгып, акчага сүрөткө түшүрө баштаган. Дарыга каражат табуу аракетин көрүп жаткан Нурлан Алишеров менен Жеңишбек Райымбаевди көп өтпөй социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев кабыл алып, жардам берерин айткан. “Министрлик учурда атайын долбоор карап жатыптыр. Эгер ал долбоор колдоо таап кетсе, Жеңишбекке мамлекет тарабынан айына 10 000 сомдон бөлүнүп турмак”,- дейт Нурлан Алишеров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TAZA
2014-04-15 01:27:11
Жардам корсоткондорго Аллаа ыраазы болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан