Эртең, 15-апрелде Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде согуштун ардагерлерине сый көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде аталган комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров жаштар менен болгон жолугушууда маалымдады.
Маалым болгондой, иш-чарада жаштардын согуш мезгилиндеги окуялар тууралуу кенен пикир алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Андан тышкары жаштардын атынан согуш ардагерлерине ыраазычылык каттар берилмекчи.