Ош шаарында өрт өчүрүүчүлөр арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул
тууралуу 14-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке Ош облусунун Жапалак айылындагы КРнын ӨКМнын
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын, ӨКМга караштуу Өрткө каршы мамлекеттик
кызмат агенттигинин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы
Өрткө каршы башкармалыктарынын офицердик курамы катышты. Анда футбол, волейбол
оюндары боюнча мелдеш болду.Уюштурулган мелдеште Баткен облустук өрткө каршы
башкармалыгынын футбол командасы биринчиликти багындырышты, ал эми волейбол
оюнунда Ош облустук өрткө каршы кызматынын офицердик курамы мыкты деп табылды.