12-апрелде Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө карата Ош шаарындагы Юрий Гагарин атындагы №17-мектеп-гимназиясында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда «Мен учкуч болом» деген темада жат жазуу, ошондой эле ачык тарбиялык сабактар өткөрүлдү. «Менин өнөрүм» деген темада окуучулардын колу менен жасалган буюмдардын, сүрөттөрдүн көргөзмөсү, спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектептин мурунку бүтүрүүчүсү Бегалы Козубаев тарабынан мыкты окуган 7 окуучуга стипендия ыйгарылды.