Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев, Интернационал, Эркиндик, Энергетиктер үйү, Сузак үйү жана аскердик бөлүктө саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Жалал-Абад электр” ААКнын басма сөз катчысы Жыпариза Уметалиева билдирди.
Ал эми саат 15:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында, 14:00дөн 17:00гө чейин Садовая, М.Бабкин, С.Бакиев, Некрасов, Горький, Калинин, Хамза, Жуматаев, О.Кошевой көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы болбойт.
“Жалал-Абад электр” ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.