Жер шарында бүгүн, 15-апрелде Ай тутулат. Ай тутулуу убагында Жер планетасынын көлөкөсү Айдын жарымын жабат. Ай көзгө көрүнүп турганы менен, өңү күндүн нуру менен кошулуп, кызыл түскө айланат. Айдын тутулушу 78 мүнөткө созулат. Бул көрүнүштү башынан аягына чейин Түндүк жана Түштүк Американын жашоочулары байкай алышат. Америкада 15-апрелге караган түнү деп айтылса, Бишкек убактысы боюнча Айдын тутулушу саат 10:51де башталат жана 16:39да аяктайт.