Алайда мектептен жыландар чыгып жаткандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу токтотулду

Ош облусунун Алай районундагы Ж.Орозов атындагы мектептен жыландар чыгып жаткандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, күн жылыгандан бери Алай районунун Биринчи Май айылындагы Ж.Орозов атындагы орто мектептен күнүнө 20-30дай жылан чыгууда. Мындан улам мектептин жетекчилиги Райондук ветеринардык башкармалыкка жардам сурап кайрылган. Бирок алар бул маселеге чара көрүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдиришкен.

Бүгүн, 15-апрель күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы, майор Дайырбек Каримов Алай районуна жөнөп кетти. Дайырбек Каримовдун көрсөтмөсүнүн негизинде бул маселеге тиешелүү чечимдер чыкканга чейин окуу процесси убактылуу токтотулат.

Учурда аталган мектепте 144 окуучу окуйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
Bella-life
2014-04-15 19:21:21
Ошондой эле жыландар сезитал болот, балким булар бир нерсе сезип, туюп келип атышкандыр, табияттын кырсыгынан Кудай өзү сактасын.
Айылдагы элдер жер көчкү, же кыян суудан сак болсо болду
+1
Dadasdasd
2014-04-15 19:44:53
Аллах ырыскы берүүчү да. Ошончо көбөйгөнчө эмне жеди, көрүнбөгөнүн айтсаңар. МЧС дары пары колдонбой эле койсокен. Көчүп жатса тийбеш керек. Аларда маклук.
+1
Kalempir26
2014-04-15 21:34:00
Тушунуксуз окуя эгер ордосу болгондо стройка журуп жаткан учурда чыгат эле мектепти башка жерге куруш керек башка айла жок.
0
aigerim-almazbekova
2014-04-16 00:05:07
kudai saktai Kor,papam aityp kalat 92jyldary susamyrda jer titiregenge 3kun kalganda kysh mezgilinde jylandardy kardyn ustunon koruptur anan 3kundon kiiin jer titireptir dep,emnesi bolso da tynchtylyk bolso eken emi!
0
tynara1983
2014-04-16 00:26:31
Кайактагыны жаза бербегилечи тушунбогондон кийин кудайым озу сактасын елимде тынчылык болсун
+2
arisbekov
2014-04-16 00:55:01
Кандай болгон кундо да мектепти башка жерге которуш керек болбосо ал жердин астында канчасы жатат болду экен
+2
Kg93
2014-04-16 01:17:29
Жыланды олтурсо болот
-1
munarbek00
2014-04-16 03:07:00
ордолу жылан жаман болот
+1
kama_future_millioner
2014-04-16 09:49:56
Кудай сакта бул эмне деген шумдук
0
nurali1989
2014-04-16 10:16:26
Алтын бар окшойт ал жерде, жылан алтын бар жерге уюктайт деп калышат беле
+1
erikkarakulja
2014-04-16 12:34:12
Бул жыландар да кыргызстандын жараны болуп эсептелет,ошон учун тийбегиле ,мектепти которую керек болбосо жыландардын туугвндары ак уйдо ишиешет коргозуп коюшат!!!
+1
gulperi.kg
2014-04-16 22:53:58
Кыргызстан байыйт окшойт)))))
0
upol92
2014-04-17 02:16:05
Жыланды олтурбой эле качырса болот ак нерсе чачып, оздору эле кетип калат. Бирок Алайда негизи эле жылан аябай коп болот имиш изилдеп корсо жакшы болмок, мумкун алтын бардыр
0
demo009
2014-04-21 20:03:49
Ошол жыландарды кармап эле,Алайдын ууз кыз-келиндери сумка жасабайбы десен.
0
Эрнест Бөрүбаев
2014-04-24 23:18:04
Кыргыз жыланга ак чачып кетирет а кытайлар кетпей эле кайра кобойушсо экен даяр тамак жеп жыргайбыз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан