Мамлекеттик медициналык академиянын 75 жылдыгына карата Илим күндөрү өткөрүлөт

Бишкекте 16-апрелден 18-апрелге чейин Иса Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиянын 75 жылдыгына карата Илим күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Илим күндөрүнүн программасына жаш илимпоздордун жана студенттердин 200дөн ашык доклады камтылды. Ошондой эле дары-дармектердин көргөзмөсү күтүлүүдө.

Медициналык академияда бүгүнкү күндө ар кайсы багытта 55 кафедра иш алып барууда жана жалпы саны 6 миңден ашуун кыргызстандык жана чет элдик студенттер билим алышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан