2013-жылдын 25-декабрында Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн жана согуш ардагерлеринин коомдук уюму ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында Куралдуу күч түзүмдөрүнүн жана согуш ардагерлеринин республикалык кеңешинин башчысынын биринчи орун басары
Табылды Молдобаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн аймагында 5 миңге чукул ардагер бар.
"Жардамга муктаж болгон ардагерлерге жардам берүү, жаңы аскерликке келген жаштарга туура тарбия берүү жана бийлик менен тыгыз мамиледе иштешүү биздин уюмубуздун негизги максаттары болуп эсептелинет",- деди ал.