Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери Орусиядан тажрыйбадан өтүштү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 20 күндүк тажрыйба өткөрүп кайтышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Жылкычы уулу Кубаныч бүгүн, 15-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, социология багытында билим алып жатышкан студенттер шаардагы социалдык башкармалыктарда тажрыйбадан өтүштү. Арт-терапия бөлүмүндө жардамга муктаж болгон жарандарга социалдык-психологиялык жактан көмөк көрсөтүүлөр, кеңештер берилгенине күбө болушту.

Натыйжада институт тарабынан студенттерге сертификат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2014-12-30 13:51:19
Молодец достор окуунарга ийгилик, ОГПИ Окуу жайынын онуго беруусун каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан