"Бишкектин гарнизонундагы кыргызстандык ардагерлер батирге муктаж",- деп бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында Куралдуу күч түзүмдөрүнүн жана согуш ардагерлеринин республикалык кеңешинин башчысынын биринчи орун басары
Табылды Молдобаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 20 жылдан ашуун Куралдуу күч түзүмдөрүндө кызматта иштеп келген жүздөгөн ардагер бар. "Алар турак жайга муктаж. Бийлик аларды батир менен камсыз кылышы керек",- деди Молдобаев.